"Бычактап салган". Чүйдө чогуу жашаган аялды өлтүргөн жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда чогуу жашаган аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кабарлангандай, 26-декабрда Таш-Дөбө айылында 1972-жылы туулган Р.С жана анын шериги 1973-жылы туулган Ж.О. спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетишкен. Натыйжада эркек аялды бычактап салган.

"Жабырлануучу алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин каза болгон", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул факты каттоого алынып, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан