Чүйдө айыл өкмөт жетекчилери 400 миң сом пара алууга шектелип кармалды

Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жетекчилери пара алууга шектелип, кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

"Ушул жылы Аламүдүн айылынын тургуну ИИМдин тергөө кызматына арыз жазган. Анда айтылганга караганда, айыл өкмөттүн жетекчилиги 2021-жылдын январь айында 4 сотых жер тилкесин кесип берүү үчүн 400 миң сом пара сураган. Бирок акчаны алгандан кийин алар милдеттенмелерин аткарбай коюшкан", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам бул боюнча атайын текшерүү жүрүп, арызда жазылгандар аныкталгандан кийин ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (ири өлчөмдө пара алуу) менен иш ачкан.

Натыйжада Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы менен башкы бухгалтери мурда алган 400 миң сомдун 40 миң сомун кайтарып берип жатышканда кармалышкан.

Учурда тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан