УКМК сойкулук менен алектенген дагы эки кызды кармады

Кыргызстандын аймагына сойкулук үчүн чыгып жүргөн кыздар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда УКМКдан кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүзүлүп, акчалай сыйлык үчүн өлкө аймактарына интимдик кызмат көрсөтүүгө чыгып, ал нерсеге жаштарды тартып жүргөн Токмок шаарынын тургундары – 1996-жылы туулган А.К.Н. жана 2003-жылы туулган А.С. экени такталды.

Тинтүү учурунда акча каражаттары жана интимдик буюмдар табылып, алынды.

Учурда айрым адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-12-28 19:08:00
Укмуш кыйратыпсыңар. Камчы Ташиев ар кайсы ишкерлердин, соодагерлердин акысын тартып алып анан кыйратып жатабыз дегенди токтоткула. Мамлекетке салым кошуп жаткандар булар элдер, соолерлер өздөрү, Садыр менен Камчынын эч салымы жок. Эгер бир чоң завод куруп коюшса ии дейт элең. Эч көйгөй чечилген жок
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан