
Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркештам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери 2024-жылдын 1-январында убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
"Бекеттер кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жыл майрамдаларына байланыштуу жабылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 2-январда калыбына келтирилет.
Чек ара кызматы эскертет: