Биз социалдык тармакта

ӨКМ үйгө балаты орнотууда сактай турган коопсуздук эрежелерин эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жылга жакын көпчүлүк үй-бүлөлөр үй ичине балаты орноторун эске алуу менен анын коопсуз болушу керектигин эскертти.
Коопсуздук үчүн сактала турган эрежелер:
1. Балатынын бутактарын дубалга жана шыпка тийгизбей бекем орнотуу зарыл;

2. Пахта, кагаз, синтетика сыяктуу тез күйүп кете турган буюмдар менен жасалгалоого тыюу салынат;

3. Электр гирляндалары заводдо жасалган жана бузук болбошу керек. Мисалы, жылытуу зымдары, учкун чыгаруучу, жаркыраган жарыктарында сынык жерлер, бузуктар болбогонуна көңүл буруңуз;

4. Гирляндалар көчө жана үй үчүн болуп бөлүнөт, алар ошого ылайыкташат;

5. Балатынын жанында от шамдарды жана пиротехникалык заттарды колдонбоңуз;

6. Балдарга жарыктандырууну өз алдынча күйгүзүүгө жол бербеңиз;

7. Үйдөн чыкканда электр түйүнүнө туташтырылган электр гирляндасын сайган бойдон калтырбаңыз;

8. Жука айнектен жасалган оюнчуктарды алуу сунушталбайт. Алар оңой сынат, сынганда өтө майдаланып денеге зыян алып келиши мүмкүн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан