
Бишкек менен Чүйдө жакынкы сааттарда катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
"Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.