Бишкекте Кыргыз улуттук университетте башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ваканттык орундарына тестирлөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн 1-нөөмөтүнө Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынан келген 62 талапкер катышса, 2-нөөмөткө Чүй, Нарын жана Талас облустарынан келген талапкерлер катышты.
"Сынакка катышууга укук алган 163 талапкердин ичинен 29у катышкан жок.
Тестирлөөдө 12 катышуучу 70 пайыз жана андан жогору балл алышты", - деп айтылат маалыматта.