Бишкекте атайын даярдыктагы ит от жаккан жерден баңгизат таап чыкты (видео)

Бишкекте "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин өкүлүнүн катышуусу менен баңгизаттарды сатуу каналы жоюлду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Ички иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, баңгизаттарды сатуу каналын жоюуда ИИМ тарабынан иштер жүргүзүлүп, Ак-Босого конушунда 1987-жылы туулган М.А.нын башкаруусундагы Мазда-6 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Текшерүү учурунда "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин мүчөсүнүн күбөлүгү табылган.
Кармалган жарандын жашаган жерине атайын даярдыктагы Афур аттуу ит менен тинтүү жүргүзүлүп, от жаккан мештин бурчунан жалпы салмагы 272 грамм болгон гашиш баңгизаты табылган.
Шектүү мурда бир нече жолу соттолгондугу аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.
29.12.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан