Биз социалдык тармакта

 2023-жылы өлкөдө 11 бала бакча пайдаланууга берилди

Кыргызстанда 2023-жылы 11 бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, быйыл жалпы 10 балдар бакчасынын курулушун жана 2 бала бакчанын оңдоп-түзөөсүн бүткөрүү пландалган.

Бүгүнкү күнгө карата 11 бала бакча пайдаланууга берилди (9 курулуш, 2 оңдоп-түзөө), ал эми 1 бала бакчанын курулушун бүткөрүү алдында турат.

  • Чүй облусу боюнча 1;
  • Баткен облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 1 курулуш, 1 оңдоп-түзөө;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 1 оңдоп-түзөө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан