УКМК: "Салык кызматкерлери соодагерлерден чогулткан патентти өздөрүнө алып жүрүшкөн"

Патентке төлөнчү акча каражаттарды мыйзамсыз алып жүргөн салык кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунда базар ишкерлеринин жана соодагерлеринин патенттерине төлөнчү акчаларын салык инспекторлору системалуу түрдө чогултуп, өздөрүнө алып жүрүшкөнү аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүнө (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 26-декабрында соттун санкциясы менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы С.С. жана райондун соода базарларын көзөмөлдөгөн 2 инспектору Н.У., А.М. кармалып, №53 тергөө абагына киргизилген.

Учурда мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан