Бишкекте күрөөкананын директоруна айып тагылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Күрөөкана уюмунун ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар жана күрөөкананын кызматын пайдаланып алдамчылык кылган фактылар аныкталды. бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, салык мыйзамдарын жана лицензиялык талаптарды бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгүнө (Мыйзамсыз ишкердик же банк иши) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарындагы күрөөкана тармагынын директору Д.А. аттуу жаранга карата айып тагылган.
Мындан тышкары Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана мурда бир нече жолу соттолгон Д.Р. күрөөканага күрөөгө коюлган мүлк менен ар кандай айла-амалдарды пайдаланып, алдамчылык кылганы аныкталган.
Кечээ, 28-декабрда топтолгон материалдардын негизинде Д.Р. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул иштердин алкагында тиешелүү тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан