Биз социалдык тармакта

Чүйдө 6 жаштагы Темирлан 102ге чалып оюнчук трактор сураган. Милиция кызматкерлери тракторду беришти  (видео)

Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6 жаштагы Темирлан өзүнүн туулган күнүнө аз калганда "102" кызматына телефон чалып, милициядан жашыл трактор белек кылуусун суранган жана милициянын унаасына түшкүсү келгенин айткан.

Темирлан менен баарлашуу учурунда милиция кызматкерлери баланын тилегин орундатып, аны кубантууну чечишкен.

Андыктан ага белек сатып алып, баланын дарегине барышкан жана кызматтык унаага салып сейилдетишкен. Бул окуя кичинекейге жана анын апасына күтүүсүз болгону белгиленет.

29.12.23
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан