Бүгүн, 29-декабрда социалдык тармакта Бишкектеги №212 автобустун айдоочусу троллейбус менен жарышып, андан ашып өтүү үчүн каршы тилкеге чыккандыгы тууралуу видео тарап, талкууга алынган.
Интернет колдонуучулары Милициянын кайгуул кызматынан айдоочуну таап, жазалоо керектигин билдиришкен.
Бул окуя боюнча Милициянын кайгуул кызматы билдирүү жасады. Анда автобустун айдоочусу табылып, ага карата жол эрежесин бузгандыгы үчүн 15 миң сом айып пул салынганы белгилүү болду.