"Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгиндеги муздарды сындыруу, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь, Биринчи Май, Ленин райондорунда механикалык жана кол менен жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугунда муз тыгыны пайда болушуна жол бербөө максатында профилактикалык иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.
"Урматтуу шаар тургундары! Негизги магистралдык каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону жана шаардык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранабыз",-деп билдиришти мекемеден.