Биз социалдык тармакта

Нарын облусундагы күрөөканалар да үстөк пайызын төмөндөттү

Нарын облусундагы күрөөканалар да үстөк пайызын төмөндөттү. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун аймагында иштеп жаткан күрөөканалардын ээлери жана жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болуп, пайыздык чендерин белгиленген көрсөткүчтөрдөн ашпаган минималдуу суммага чейин төмөндөтүү боюнча макулдашуулар болгон.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунун аймагында 21 күрөөкана иштеп келет. Нарын шаарында – 10, Кочкор районунда – 4, Ат-Башы районунда – 4, Жумгал районунда – 2, Ак-Таала районунда – 1.

Атайын кызмат күрөөканалардын ишин лицензиялык талаптарга жана мыйзам ченемдерге шайкеш келүүсүн текшерүүнү улантууда.

Буга чейин Бишкектеги 120, Чүйдөгү 40 күрөөкана текшерилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан