Кыргызстанга дары-дармекти аткезчилик жол менен алып келүү. Үч адам соттолду

УКМК тарабынан коңшу өлкөдө өндүрүлгөн 17 миң 393 таңгактагы “Алоэ экстракты суюктугу” медициналык препараттарын мыйзамсыз алып өтүү фактысы боюнча кылмыш иши иликтенди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Соода-өнөр жай палатасынын 2023-жылдын 14-апрелиндеги №37-39 корутундусуна ылайык, медициналык буюмдардын жалпы баасы 2 миллион 608 миң 950 сомду түздү.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Кыргыз жарандары А.Д.А., М.А.З. жана Т.М.А.га кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пункту боюнча кылмыш жасаган деп айып тагылып, кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөн.

Баткен облустук сотунун чечими менен аталган жарандар күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынып, контрабандалык жүктөрдү ташуу үчүн пайдаланылган унаа конфискацияланды.

Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Баткен районунун 12 дарыканаларында Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган “Алоэ экстракты суюктугу” аттуу контрабандалык медициналык дары-дармекти сатуу фактылары аныкталып, ага байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн жана учурда бул багытта тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан