Бүгүн, 29-декабрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Марлис Асанов башкармалыктын кызматкерлери Турдумамат уулу Жаныбектин апасы Орозбү Арзыбековага жана милициянын майору Мелис Жолуевдин апасы Назира Жолуевага Ички иштер министрлигинин “Мээримдүү айым” медалын тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Ал эми Мелис Жолуевдин жубайы Сайкал Акназаровага “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды.
Милиция кызматкерлерине жакындан жардам, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатышкан айымдарга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги өз каалоо-тилектерин билдирди.
"Милиция кызматынын канчалык оор экендигин сиздер дагы сезип, биздин кызматкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатасыздар. Үйдө Сиздердей колдоп-кубаттаган аялзаты болгону үчүн биздин кызматкерлер өз милдетин так аткарып келе жатат. Ушундай мыкты кызматкерлерди тарбиялаган апаларга, аларды кызматка узатып, келгенде тосуп алып турган жубайларына ыраазычылык билдиремин”, - деди шаардык милиция башчысы Марлис Асанов.
Бул күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери дагы кезектеги атайын наамдарын алышты.
Башкармалыктын жашы жетелектер менен иштөө бөлүмүнүн улук аймактык тескөөчүсү Алмазбек Беделбаев жана тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Мунарбек Манасов кезектеги “милициянын майору” атайын наамдарын алышты. Ал эми тергөө кызматынын тергөөчүсү Эрлан Жээнбеков “милициянын улук лейтенанты” кезектеги наамына ээ болду.