Бүгүн, 18-декабрда атактуу тайбоксчу жана кикбоксчу Валентина Шевченко эрежесиз эр уруштун ММА версиясы боюнча Перуда өтүүчү Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу КРнын аталган спорт түрү боюнча федерациясынан билдиришет.
Маалыматка ылайык, Түштүк Американын мамлекеттери Перу менен Эквадордун спортчуларынын ортосунда уюшулуп жаткан мелдештин алкагында орун алат. Валентина Перунун желеги астында чыгат.
8 бурчтукта Валентина Шевченконун атаандашы самбо боюнча Латын Америкасынын чемпиону Присцилай Орияна болмокчу.