Бүгүн, 31-декабрь күнү Бишкектеги кампалардын биринде ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кампадан чыккан ири өрт саат 09:36да чектөөгө алынды. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен тартылган.
Алдын ала маалымат боюнча аталган кампада үйдүн эшиктери сакталган.
Кошумча маалымат берилет.