Каталондук "Барселона" клубу "Манчестер Юнайтеддин" чабуулчусу, учурда "Хетафеде" ижарада жүргөн Мейсон Гринвудду сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
"Барселона" 22 жаштагы форвард үчүн "Манчестер Юнайтедге" болжол менен 46 миллион евро сунуш кылууга даяр. Мындан тышкары, испаниялык клуб жаңы келген оюнчуга легендарлуу Лионель Месси командадан кеткенден кийин бош турган 10-номурду берүүнү көздөп жатат.
Эскерте кетсек, өткөн сезондо Гринвуд жаңжалга аралашкан. Тагыраагы ал сүйлөшкөн кызын сабап, андан кийин зордуктоого шектелип полиция тарабынан кармалган. Бул окуядан кийин "Манчестер Юнайтед" аны аялга зордук-зомбулук көрсөткөн деген айыптоо менен белгисиз мөөнөткө оюндарга жана машыгууларга катышуудан четтеткен.