Бишкекте мэрдин тапшырмасы менен техникаларды жеткирүү маселеси ыкчам чечилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда “Тазалык” ишканасына борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо үчүн жаңы техникалардын партиясы сатылып алынды. Сатып алууга каражат Бишкек шаарынын мэринин резервдик фондунан бөлүнгөн.
"Биринчи партиясы буга чейин Бишкекке жеткирилип, иш башталган",-деп айтылат маалыматта.