Биз социалдык тармакта

Баткенде 23 миллион сомго бардык шарттары менен базар курулду (сүрөт)

Баткен шаарынын Чет-Булак аймактык башкармалыгында курулган муниципалдык мал базар пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мал базарды куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 22,8 миллион сом каралып, шаардык мэрия тарабынан 1,5 гектар жер бөлүнгөн. Курулуш иштери 2023-жылдын март айында башталган.
"Базардын айланасы тосулуп, бастырмалар орнотулуп, үстү жабылган. Ошондой эле малды жүктөп түшүрүүчү жайлар, санитардык өтмөктөр, трансформатор, жарыктандыруу, суу сактагычтар, административдик имарат салынган. Ичине 1000 баш майда жандык, 500 баш бодо мал батат", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан