Кечээ, 17-декабрда Мароккодо ФИФА тарабынан 10-ирет уюшулуп жаткан футболдук клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Европанын атынан барган мюнхендик “Бавария” финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, “Бавария” 21-декабрда аяктай турган мелдештин жарым финалында катыша баштады. УЕФАнын Чемпиондор лигасынын 2013-жылкы чемпиону “Бавария” Азия чөлкөмүндө Чемпиондор лигасын уткан кытайлык клуб “Гуанчжоу” клубу менен ойноду. Жыйынтыгында Франк Рибери, Марио Манжукич жана Марио Гётце бирден гол киргизип, клуб финалга чыкты. Финалдык оюн 21-декабрда орун алат.
“Бавариянын” финалдагы атаандашы бразилиялык “Атлетико Минейро” же марокколук “Ража” клубу болот. Бул 2 клубдун ортосундагы жарым финалдык оюн бүгүн, 18-декабрда орун алат.
Эске салсак, мелдешке 6 футболдук конфедерациянын чемпиондору жана мелдешти өз үйүндө өткөрүп жаткан Марокконун чемпиону катышат.