Милиция күчөтүлгөн тартипте кызматын улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-декабрга карата өлкө аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуулар келип түшкөн, анын ичинен үчөө кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. 19 жол кырсыгы катталып, 22 адам ар кандай жаракаттарды алган.
"Жаңы жыл түнү окуясыз тынч өттү. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда. Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда, олуттуу бузуулар болгон эмес", - деп айтылат билдирүүдө.