Биз социалдык тармакта

Бишкек мэриясы шаардыктарды мактады

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан Жаңы жыл майрамына карата өткөрүлгөн иш-чарадан кийин 4 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-январда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 6 атайын техникасы менен 60 кызматкери иш алпарган.

"Өткөн жылдагы Жаңы жыл майрамына салыштырмалуу бул жолу аянтта киши көп болду. Тактап айтканда, кишинин саны 15 миңдин айланасында чогулган жана 1 тоннага аз таштанды чыккан. "Ала-Тоо" аянтынан аз таштанды чыгарылып жатканы Кыргызстандын борборунда массалык иш-чараларды өткөрүү маданиятынын жогорулаганынан кабар берет. Бишкектин тургундары коомдук жайларда өз шаарына кылдат мамиле жасап, тазалыкты көрсөтө башташты", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле "Тазалык" ишканасы тазалыкты сактоого салымын кошкон, маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөткөн шаар тургундарына жана конокторуна ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан