Жаңы жыл түнү өлкө боюнча 276 ымыркай жарык дүйнөгө келди, алардын бири эгиздер. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайлардын 143ү эркек, 133өө кыз. Эгиздер Ош облусунда жарык дүйнөгө келген. 15 эне кесарево жолу менен төрөгөн.
Эң көп төрөт Ош шаарында жана Ош облусунда болгон – 88 төрөт, Жалал - Абад облусунда 57 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкекте 52 ымыркай төрөлгөн.