Япониядагы жер титирөө: Каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин маалыматы боюнча, Японияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жер титирөөнүн очогуна жакын Тояма шаарында жүргөн Кыргызстандын беш жараны үйлөрүнөн жакын жердеги баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды.

Маалыматта ТИМ жана Кыргызстандын Япониядагы элчилиги кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Японияда жүргөн Кыргызстандын жарандары менен байланышта экени айтылат.

Зарыл болгон учурда Кыргыз жарандары элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылуулары зарыл.

Белгилей кетсек, 1-январда Япониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен катуу жер титирөө катталды.

Анын кесепетинен 50гө жакын адам каза болуп, дагы 16 киши жабыркаган. Ошондой эле кеминде 110 имарат жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан