Кыргызстан менен Сириянын футбол курама командалары Дубайда контролук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Оюн 5-январда болот. Беттеш машыктыруучулук мүнөзгө ээ болуп, жабык режимде жана эфирсиз өтөт.
Белгилей кетсек, учурда "Ак шумкарлар" 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыктын акыркы этабын баштады.
Эскерте кетсек, Азия Кубогу-2023 2024-жылдын 12-январынан 10-февралына чейин Катарда өтөт. Кыргыз курама командасы F тайпасында Оман, Сауд Арабия жана Таиланд курамалары менен ойнойт.