Бүгүн, 3-январда Ысык-Атада салмагы 6,5 килограмм болгон "баатыр" бала жарык дүйнөгө келди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ымыркай райондук дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунда төрөлгөн.
Белгиленгендей, бала операция жолу менен жарык дүйнөгө келген.
Ымыркайдын апасы 35 жашта, бул анын бешинчи төрөтү.
SUPER.KG медиа порталы ата-энесинин кубанычын тең бөлүшүп, балага кең келечек каалайт.