Биз социалдык тармакта

"Жаңы мектепке муктаж". Догдуркүл Кендирбаева Жети-Өгүздөгү орто мектепке барды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылындагы Б.Исмаилов атындагы орто мектебине барды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, орто мектептин 1-корпусу 1976-жылы курулса, 125 орундуу 2-корпусу 1987-жылы курулган. Учурда мектепте 215 окуучу билим алып, 24 мугалим эмгектенет. Мектеп стандартка жооп бербегендигине байланыштуу 275 орундуу типтүү мектепке муктаж.

"2023-2024-окуу жылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы сметалык баасы 36 миллион 300 миң сомду түзгөн жаңы спорт залдын курулушу башталган",-деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан