Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдына Жогорку Кеңеш кабыл алган желекти илди. Бул тууралуу ОИИББнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасы кечээ, 3-январда өтүп, ага облустук милициянын жетекчиси Дамирбек Исаков орун басарлары менен катышты. Анда жетекчи кызматкерлерди жаңы жылы жана жаңы желек менен куттуктаган.
Белгилей кетсек, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына жаңыланган туу 1-январда илинген. Ал Жогорку Кеңеш кабыл алган туудан бир топ айырмаланып турарын айтышып, нааразычылыгын билдиргендер чыккан.