Кыргыз жарандары үчүн 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик стипендиялык программанын алкагында Беларустун жогорку окуу жайларына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, стипендиялык программа Беларустун президентинин 2018-жылдын 12-июнундагы № 232 “Окутуу үчүн гранттар жөнүндө” жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.
Документтерди кабыл алуу жана талапкерлерди конкурстук тандоону Беларустагы Кыргызстандын Элчилиги ишке ашырат.