Биз социалдык тармакта

"Көпчүлүк аймакта күн ачык болот". 5-январга карата аба ырайы

Эртең, 5-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт жана күн жылуу болот . Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн жана күндүз Жалал-Абад, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11 градус болсо,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7 даражага чейин жетет.

Ал эми Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы 0…-2, күндүз +8…+10 градус болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан