Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 3-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге С.А. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 19:05 чамасында Ж.Абдрахманов көчөсүндөгү кызматтык жайга кирип, белгисиз маркадагы тапанча менен коркутуп, кассадагы 425 миң 390 сом акча уурдап кетишкен.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголду.
"Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Алар 1996-жылы туулган Н.К., уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталып, 2001-жылы туулган К.А. жана 1992-жылы туулган Ж.Б. жарандары аныкталган. Алар буга чейин ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолушкан",-деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, шектүүлөр Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш иликтөө иштери уланууда.