Абакта жаткан Арстан Алай каза болду 

Диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып №31 абакта отурган Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай) каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда анын адвокаты Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Арстан Алайды эч кимге кабарлабай эле 31-колонияга которуп коюшкан.

"Анча оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн тергөөчү №1 СИЗОго камоону өтүнсө, иш УКМК тарабынан тергелип жатса да, тергөө судьясы ушундай натыйжаларга алып келди. Октябрь соту тергөөчүнүн көрсөтмөсү менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин нормаларын бузуп, бул "контролдук иш" деп акырындап камакка алган.

Ал эми СИЗОнун жетекчилигине анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бир нече жолу кат жүзүндө кайрылганыма карабай ушундай натыйжа болду.

Бизге кабарлабай эле 31-колонияга которуп коюшканы белгисиз. Бир сөз менен айтканда, укук коргоо органдарынын, тергөөчүлөрдүн, соттордун, ИИБнын мыйзамсыз аракеттери адамдын өлүмүнө алып келди.

Башкы прокуратуранын жетекчилигинен бардык күнөөлүү кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранабыз",-деп жазган ал өзүнүн социалдык баракчасына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Uri24
2024-01-05 12:51:00
Кыргызстанда бандиттердин бийлиги орноду. Садыр Жапаров ар бир жаран учун озу жооп бериш керек. Садырдын бандиттик бийлиги эн бир террордук ыкманы колдонууга отту.
-1
Kuban-1207
2024-01-05 13:06:00
Uri24 Атайын эле өлтүртүп атат бийликтегилер
-1
Kuban-1207
2024-01-05 13:07:00
Kuban-1207 Атайын эле өлтүртүп атат бийликтегилер
-1
Asyl27
2024-01-05 13:10:00
Кыскасы диний террор. Көбүнчө коркок бийлик тарабынан өзүн-өзү тынчтандыруу үчүн жасалган ырайымсыздык. Азыркы бийликтин эн бир алсыздыгы
-1
Asyl27
2024-01-05 13:50:00
Бийлик тарабынан уюштурулган террор. Адамдын жанын алууга ким укук берди. Керек болсо адам өлүмүн кубаттаган ыймандуу динчилдер тымвзын күлүп олтурушат. Бул бийликтин аягы кан менен бүтөт.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан