Биз социалдык тармакта

Интернетке Арстан Алайдын акыркы мүнөттөрү делген видео тарады

Социалдык тармактарда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын атайын дарылоо-түзөтүү мекемесинин ашканасында асынган абалда табылган Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) акыркы мүнөттөрү делген видео тарады.

Видео 5-январь күнү саат 03:50 чамасынан саат 05:30га чейин тартылганын көрүүгө болот.

Бул видео боюнча Жазаларды аткаруу кызматы маалымат бере элек.

Диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасоого айыпталып №31 абакта отурган Арстанбек Абдылдаев 5-январда каза болгон. Жазаларды аткаруу кызматы ал асынган абалда табылганын билдирген.

Бул факты боюнча учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

Арстан Алайдын акыркы мүнөттөрү делген видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан