
Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө кылмыштуу топтун кылмыштуу аракеттери тууралуу маалыматтар алынган. Чогултулган материалдар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБте катталып текшерүү иштери башталган.
"4-январда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде Нарын облусунан келген Merсedes-Benz Sprinter жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүү учурунда ичинде уурдалган эки жылкы табылды. Аталган факты боюнча Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жылкылар уурдалган", - деп билдиришти ИИМден.
Кылмышка шектүү катары кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды:
-1987-жылы туулган К. А., Жалал-Абад облусунун тургуну,
- 1989-жылы туулган И. А. аттуу жаран, Нарын облусунун тургуну,
- 1990-жылы туулган А. Б., Чүй облусунун тургуну,
-1987-жылы туулган О. Б., Ысык-Көл облусунун тургуну,
Кармалган адамдар мурда бир нече жолу, анын ичинде оор кылмыштары үчүн соттолгон. Алардын бири кылмыш жоопкерчилигине 16 жолу тартылган.
Учурда алардын баары Кочкор райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кармалгандар Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурдоо фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.