Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жергиликтүү тургундар мушташып, жаңжал ок чыгаруу менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 4-январь күнү саат 01:00 чамасында "Ярмарка" дүкөнүнүн жанында буга чейин касташып келген эки жаран жаңжалдаша кеткен. Андан кийин 1996-жылы туулган жаран ТОЗ-16 мылтыгы менен 1991-жылы туулган жаранга ок чыгарган. Жабырлануучу алган жаракаты менен ооруканага түшкөн.