Ар кандай кылмыштар, анын ичинде оор кылмыштары үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан ага карата уурулук, зордуктоо, жасалма документтерди жасоо айыбы коюлган.
"Видеокамеранын жардамы менен издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаран кармалды. Ал өз мамлекетинде Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Уурдоо), 131-беренеси (Зордуктоо), 327-беренеси (Жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү же бланктарды жасоо, даярдоо же жүгүртүү) менен жоопко тартылып, камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.
Ага Алтай аймагы боюнча Орусиянын Ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан издөө жарыяланган", - деп жазылат маалыматта.