UFC уюму дагы бир өлкөнүн желегине тыюу салды

Британиялык мушкер Фарид Башаратка UFC уюму Ооганстандын желеги алдында беттештерге чыгууга уруксат бербей койду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

"Мен желек менен чыккым келет, бирок ооган желегине уруксат бербейт деп ойлойм. Алгач Абу-Дабидеги иним Жавиддин беттеши учурунда Ооганстандын желегин колдонгубуз келген, бирок бизге "болбойт" дешти. Анткени алар азыркы бийликтин желегин тааныбайт, эскиси расмий желек эмес. Ооган желегине дагы эле тыюу салынган", - деген ал.

Эскерте кетсек, буга чейин америкалык UFC промоушнунун президенти Дана Уайт уюмдун бардык мушкерлери беттешке каалаган желек менен чыга аларын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан