Казакстандын укук коргоо органдары издөөгө алган адам видеокамералардын жардамы менен Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, коңшу өлкө өз жараны О.А га Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренеси (Каржы пирамидасын түзүү жана жетекчилик кылуу) боюнча издөө жарыяланган. Шектүү 2023-жылдын декабрь айынын аягында Бишкектеги камераларга түшүп калган.
"Казакстанда 2021-жылдын апрелинде жабыркагандар үч компаниянын үстүнөн полицияга арыз менен кайрылышкан. Бул компаниялар өздөрүн эң кирешелүү инвестициялык ийгиликтүү уюмдар катары көрсөтүшкөн. Алдамчылык кылгандарды кармай баштаганда О.А изин жашырып кетүүгө үлгүргөн", - деп айтылат маалыматта.