
Бүгүн, 8-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө +5…+10 градус,
Талас дубанында +4…+9 даража болсо,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11ге жылыйт.
Ысык-Көл жергесинде +2…+7,
Нарын облусунда -3…-8 градус болушу күтүлөт.
Ал эми борбор калаа Бишкекте +6…+8 градус болору күтүлүүдө.
Маалымдалгандай, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн.