Биз социалдык тармакта

Бүгүн ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун II туру башталды

Бүгүн, 8-январда 2023-2024-окуу жылына жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка каттоо 10-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 11-январь күнү саат 9:00гө чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 13-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Белгилей кетсек, I турда жалпысынан 237 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 219 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган.

Жыйынтыгында 182 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

I турда эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түшкөн:

1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 68,

2. Ош мамлекеттик университети – 52,

3. Борбордук Азиядагы Америка университети – 27,

4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 25,

5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12,

6. Эл аралык медициналык университети – 12.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан