Түркияда "сойкулардын ханышасы" аталган Өзбек жараны кармалды. Ал кыргыз кыздарын дагы чакырган

"Мадам Клод" каймана аты бар Өзбекстандын жараны Нилуфар Мирханова Түркияда кармалганын, ал сексуалдык максатта адам сатуу боюнча айыпталып, Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынганын түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

40 жаштагы Мирханова Чанаккале провинциясынын Айважик курорттук шаарчасындагы үйдөн кармалган. Ал Түркияга мыйзамсыз келген жана жашоого уруксаты жок болгон.

"Мирханова Орусиянын, Беларустун, Кыргызстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын жарандары болгон көп сандагы аялдарды Түркияга мыйзамсыз алып келгени аныкталган. Аларды ортомчулар аркылуу сойкуканаларга жайгаштырган", - деп жазылат маалыматта.

Тиешелүү процедуралардан кийин полиция Мирханованы репатриация борборуна өткөрүп берген. Ал Өзбекстанга экстрадицияланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2024-01-08 11:29:00
Адам жашап турганда, интим, сойкулук жашай берет. Сойкуларга барган эркектер кайда. Бир сойкуну жабасың, ал эртең эки сойкуну пайда кылат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан