Бүгүн, 8-январда Бишкекте 2013-2015-жылдары туулган жеткинчектер арасында футзал боюнча “Мекеним” турнири башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурууда.
Мелдештер футболду өнүктүрүү жана жайылтуу максатында өткөрүлөт. Ага 24 команда катышууда.