Ажатканадан табылган жансыз дене. Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды  

Нарын шаарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Нарын ОИИБи кабарлады.
Маалыматка ылайык, 6-январда саат 21:00 чамасында милицияга Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жайгашкан ажатканадан белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабарланган.
Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери барып, жансыз денени алып чыкканда ал Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин тургуну 1970-жылы туулган С.А. экендиги аныкталган.
Буга чейин маркумдун жубайы 12-ноябрда милицияга арыз менен кайрылып, С.А 11-ноябрда саат 15:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ошол эле күнү бул факты каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүп келген.
Табылган жансыз дене Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмүнүн (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Шектүү катары маркумдун баласы 1997-жылы туулган А.Ө.А. Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Шектүү жактоочунун катышуусунда сурак берүүдө. Ал атасы А.С. спирт ичимдигин ичкен кызуу абалында болгондуктан эмнеге спирт ичимдигин ичесиз деп өз ара уруша кетип, атасын түртүп жиберген. Анан ал чалкасынан жыгылып башынын арткы тарабы менен жыгылып, эсин жоготуп койгондугун, ошону менен ал турбай калганда каза болуп калды деп ойлоп башына целлофан баштыкты кийгизип, көтөрүп барып короосундагы ажатканасына салып, чөктүрүп салгандыгын айткан", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан