Бүгүн, 8-январда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грек-рим жана эркин күрөш боюнча өлкө чемпиондугу старт алды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдеш саат 11ден тарта уланууда. Ал эми салтанаттуу ачылыш аземи саат 17:00дө болмокчу.
Мелдеш 8-11-январь күндөрү спорт ордосунда өтүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Бүгүн 57, 65, 74, 86, 97 килограмм салмактагылар күч сынашат.
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команданын курамы бекитилет.