Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда Октябрь РИИБнен билдирди.
Маалыматка ылайык, 16-июнда милицияга М.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси Ж.А. аттуу жаран 13-майда анын ишеничине кирип, 25 миң доллар турган Toyota RAV4 унаасын сатып алам деп алганын айткан. Бирок кайтарып бербестен белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Ш.Ш. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.