Биз социалдык тармакта

"Күн жылуу болот". Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 9-январда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13 градус болсо,

Баткен, Ош, Жалал-Абад өрөөндөрүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14кө чейин жылыйт.

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6…-1, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-10, күндүз -7…-2.

Ал эми борбор калаа Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +12…+14 градус жылуу болору күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан