"Тазалык" жана "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканалары үчүн жаңы атайын техника сатып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 8-январда калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, "Тазалык" ишканасы үчүн борбор калаанын көчөлөрүндө карды тазалоо үчүн техника сатылып алынды. Сатып алуу үчүн каражат Бишкек мэринин резервдик фондунан бөлүнгөн. Биринчи партия борборго алынып келип, ишке киришти.
Мындан тышкары, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына КАМАЗ самосвалы, Hyundai экскаватору, ошондой эле 18 метрлик ISUZU автовышкасы жана 22 метрлик HOWA автовышкасы сатып алынган.